Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:50

Жээнбеков: Мамлекеттин туруктуулугун камсыз кылууда Конституциялык палатанын өзгөчө орду бар


Президент Сооронбай Жээнбеков 4-майда, Конституция күнүнүн алдында Жогорку соттун Конституциялык палатасынын төрагасы Карыбек Дүйшеевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин сайтында жазылды.

Мамлекет башчысы Жогорку соттун Конституциялык палатасынын төрагасын жана бардык кыргызстандыктарды алдыдагы майрамы менен куттуктады. Жээнбеков мамлекеттин турмушунун туруктуулугун камсыз кылуудагы Конституциялык палатанын өзгөчө ордун белгилеп, жарандын конституциялык укуктары менен эркиндигин коргоо, конституциялык көзөмөл жүргүзүү иштерине ийгилик каалады.

Кыргызстандын Конституциясы 1993-жылы 5-майда кабыл алынган. Андан бери Баш мыйзам бир нече жолу өзгөртүлгөн. Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча соңку референдум 2016-жылдын 11-декабрында өткөн. Ага жалпы шайлоочулардын 42% катышкан. Анын 79% ашыгы Баш мыйзамды өзгөртүүнү колдоду деп табылган.

2020-жылы Жогорку Кеңеште Кыргызстандын мамлекеттик түзүлүшүн аныктоо боюнча референдум жөнүндө мыйзам долбоору 1-апрелден тартып коомдук талкууга чыгарылган. Ага ылайык, өлкөнүн башкаруу системасын аныктоо боюнча референдумду быйыл 4-октябрда өткөрүү сунушталган. Референдумда жарандар парламенттик же президенттик башкаруу системасын тандашы керек.

XS
SM
MD
LG