Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:57

Ошто ишке кирген ишканалар текшерилди


Оштогу комендатура.
Оштогу комендатура.

4-майда Ош шаарынын, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун аймагында ишке кирген ишканалардагы санитардык-карантиндик эрежелердин сакталышы комендатура тарабынан текшерилди. Комендатуранын басма сөз кызматы билдиргендей, 141 мекеме текшерүүдөн өтүп, анын ичинен 75 ишканага уруксат берилген.

Укук коргоо кызматкерлери жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адистери менен бирге соода түйүндөрү, чач тарачтар жана сулуулук салондору, желимдөө жана май алмаштыруу жайлары, ири маркеттер, эт сатуучу кичи дүкөндөр, курулуш объектилери, такси кызматтары текшерилди. Санитардык талапка жооп бербеген ишканаларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүүлөр берилди.

Кыргыз өкмөтү экономиканы жандандыруу максатында 1-майдан тартып үч баскыч менен ишке кирүүчү ишканалардын тизмесин жарыялаган. Биринчи баскычтан ишке кирүүчү тармактарга өндүрүш, өнөр жайы, курулуш, соода тармагы, такси кызматы кирет.

Ош облусунда карантиндик шарттарды жеңилдетиш үчүн 86 блокпосттун ичинен 72си алынган. Ноокат жана Кара-Суу райондорундагы өзгөчө абал 1-майдан тартып алынып, Ош шаарында болсо 10-майга чейин узартылган. (DU)

XS
SM
MD
LG