Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:14

Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун курулушу жанданды


Түндүк-Түштүк жолуна салынган көпүрө.
Түндүк-Түштүк жолуна салынган көпүрө.

Өлкөнүн түндүк-түштүгүн бириктирген альтернативдүү жолунун Нарын аймагынан өтө турган бөлүгүнүн иши башталды. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов маалымдады. Анын айтымында, 1-майдан баштап ишмердүүлүгүнө уруксат берилген ишканалардын ичинде жол курулушчулары да бар.

“Нарын аймагынан Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолу өтөт. 2-майдан тартып иш башталды. Жумушчуларынын анализдерин алдык”, - деди Алымкулов.

Мындан тышкары Нарында кен тармагы, көмүр казуу иштерин дагы жанданды. Нарын облусу боюнча коронавирус жуккан 98 бейтаптын 78и айыгып чыкканы маалым болду.

Буга чейин өлкөнүн түндүк-түштүгүн бириктирген альтернативдүү жолун 2023-жылы пайдаланууга берүү пландалып жаткан. Дээрлик 500 млн. долларды чапчыган Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун жалпы узундугу 433 чакырымды түзөт. Анын 1-2-фазасын куруш үчүн Кытайдан 400 млн. доллар алуу боюнча 2014-жылы келишим түзүлгөн. 3-фазасын куруш үчүн Азия өнүктүрүү банкынан жана Сауд Арабиясынын Өнүктүрүү фондунан 32 млн. доллар алуу боюнча келишим түзүлгөн. (TSh)

XS
SM
MD
LG