Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:54

Киевде сот Януковичти эки айга камоо боюнча чечим чыгарды


Украинанын мурдагы президенти Виктор Януковичти эки айга камоо (сыртынан) чечими чыгарылды.

4-майда Киевдеги Печерск райондук соту прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырып, тийиштүү токтом кабыл алды. Януковичтин жактоочусу Виталий Сердюк токтомго каршы даттана турганын билдирди.

Камакка алуу чечими бийликти узурпация кылуу боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу кабыл алынды. Прокурор Янукович жазадан качуу үчүн Орусияда жашырынып жүрөт деп билдирди.

Печерск сотунда дагы башка иш боюнча Януковичтин бөгөт чарасы каралып жатат. Кеп 2014-жылы 18-20-февралдагы окуялар жөнүндө болуп жатат. Анда Киевде массалык башаламандык орун алып, Евромайданда күч кызматкерлери менен нааразылык акциясынын катышуучулары кагылышкан. Президент Янукович өлкөдөн качып, бийлик алмашкан. Ушул окуядан соң Орусия Крымды аннексиялап алып, Донбасста согушкан орусиячыл жикчилдерге колдоо көрсөткөн.

XS
SM
MD
LG