Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:34

Үсөнбаев: Вирустун жугуу коркунучу өтө жогору, көчөдөн баштык же кийим менен да келет

Нурболот Үсөнбаев.
Нурболот Үсөнбаев.

Адамдардын ортосунда байланыш көбөйсө өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал курчушу ыктымал. Бул тууралуу 5-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ал кыргызстандыктарды ооруну жуктуруп албоо аракетин көрүүгө чакырып, коронавирустун тез жайылуу коркунучу жогору экенин эскертти:

"Оорунун өзүнүн өрчүй турган процесси бар. Патогенез деп аталат. Вирус организмге кирип, өрчүгөнчө кеминде 14 же андан да көп убакыт өтөт. Ошол учурда деле жугушу мүмкүн. Вирустун жугуу потенциалы өтө жогору экен. Адам үйгө көтөрүп кирген баштыктары же үстүндөгү кийими менен деле алып келиши ыктымал. Элибизге мүнөздүү көрүнүш окшойт, баарыбыз тыгыз байланышта болуп, аралыкты сактабай жатабыз. Дагы бир жолу суранып кетет элек, дистанцияны сактаңыздар! Ооругандар менен иштеген медицина кызматкерлерибиз да жумуштан же оорунун очогунан кайтканда атайын кийимин чечип эле, “таза жүрүп жатабыз” дегени бар. Чебердеш керек болууда".

Жалпысынан 5-майга карата Кыргызстанда коронавирус 843 адамдан табылды, алардын ичинен 11 бейтап кайтыш болду, 8 бейтап оор абалда, алардын ичинен 5 бейтап жандандыруу бөлүмүндө, 600 бейтап айыгып чыкты.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстанда Коопсуздук кеңешинин чечими менен Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Ат-Башы районунда 10-майга чейин өзгөчө абал, ал эми калган аймактарда өзгөчө кырдаал режими калтырылган. (RK)

XS
SM
MD
LG