Орусияда каза болгон атасынын сөөгүн кыргыз-казак чек арасынан алып өтө албай жаткан келин өкмөттөн жардам суроодо.
Өзүн Элдана Кубатова деп тааныштырган келин 5-майда “Азаттыкка” чалып, “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде турганын, паспорту Орусияныкы болгондуктан кыргыз тарап аны өткөрбөй жатканын айтып берди:
"Орусия, Казакстан өткөрдү. Эми Кыргызстан өткөрбөй жатат. Атам үчүн эле келе жатам. Эртең чык десе чыгып кетет элем. Атамдын сөөгүн үч күндөн бери коштоп алып келе жатам. Бул жакта күн да ысык экен. Өлгөн адамдын сөөгү эмне болуп жатат, билбейм".
Кубатова атасынын сөөгүн Ош облусунун Кара-Суу районуна алып баратканын билдирди.
Коронавирус инфекциясынын жайылуусуна каршы туруу максатында бардык өлкөлөр чек арасын жаап коюшкан.
Орусияда миллионго жакын кыргыз мигранты бар экени айтылып жүрөт.
Тышкы иштер министрлиги Кубатова туш болгон окуя боюнча маалымат жакында берилерин билдирди.
Чек ара кызматы маалыматты такташтырып жатат.
Саат 16:00го жакын Элдана Кубатованын жанындагылар "Азаттыкка" алардын маселеси чечилгенин, чек арадан өтүшкөнүн кабарлашты.(RK)