Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:30

Президент Конституцияда камтылган баалуулуктарды бекем сактоого чакырды


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

5-майда Кыргызстанда Конституция күнү белгиленүүдө. Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков өз куттуктоосунда Баш мыйзам Кыргызстандын дүйнө коомчулугунда демократиялык мамлекет катары ордун бекемдөөгө, саясий жана экономикалык реформаларды жүргүзүүгө укуктук негиз болгонун белгиледи:

“Башкы мыйзамыбыздын укуктук гана эмес, руханий жана маданий да мааниси бийик. Элибиздин дүйнө таанымын, келечек мүдөөсүн чагылдырган, өлкөбүздүн келечек багытын аныктоо үчүн пайдубал түзгөн документ катары кызмат кылууда. Конституцияда камтылган баалуулуктарды, анын нормаларын бекем сактап, өлкөбүздү мындан ары өнүктүрүү - биздин негизги милдетибиз”.

Эгемен Кыргызстандын Конституциясы 1993-жылдын 5-майында кабыл алынган. 27 жылдын ичинде Баш мыйзам кеминде тогуз жолу өзгөртүлгөн. Анын ичинен Аскар Акаевдин президенттик бийлигинин учурунда беш ирет өзгөртүлгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG