Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:21

Кыргыз өкмөтү чет өлкөлүктөргө "жашыл коридордун" мөөнөтүн узартты


Тышкы иштер министрлиги.
Тышкы иштер министрлиги.

Кыргыз өкмөтү республика аймагындагы чет өлкөлүктөргө берилген “жашыл коридордун” мөөнөтүн узартты. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, мындай чечимдин кабыл алынышына мекеменин сунушу негиз болду:

“Кыргызстандын аймагында виза же визасыз тартипте жүргөн чет өлкөлүктөр жана жарандыгы жоктор өлкө аймагынан чыгууга виза толтурбастан жана катталганын тастыктабастан 1-июнга чейинки мөөнөт аралыгында чыгып кете алат”.

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу киргизилген чектөөлөр алгач 30-апрелге чейин деп, кийин 10-майга чейин узартылган. Өкмөт уюштурган атайын чартердик рейстерден тышкары бардык авиакаттамдар токтотулган. Чет өлкөлүктөргө “жашыл коридор” алгач 1-майга чейин берилген. (RK)

XS
SM
MD
LG