Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:00

COVID-19: Ысык-Көл аймагына кирүүчүлөрдөн медициналык маалымкат талап кылуу чечими кайра каралат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көл облусунун аймагына киргендерден коронавируска анализдин жыйынтыгын талап кылуу чечими кайра каралып чыгышы керек. Бул тууралуу 5-майда онлайн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди:

“Жалпы киргизилген алгоритмге туура келбей жатат. Бул маселе Ысык-Көл облусунун штабында каралат”.

Облус аймагына кирген учурда адамдар экспресс-тест же ПЦР анализ тапшыргандыгы жөнүндө маалымкатты көрсөтүүгө тийиш экени 3-майда айтылган.

Коронавируска каршы облустук штабдын мындай чечими коомчулук арасында кызуу талкуу жаратып жатат.

Кыргызстанда 5-майга карата коронавирус 843 адамдан табылды, алардын 11и каза тапты. Ысык-Көл облусунда бул илдет жуккандардын саны 10 адам. (RK)

XS
SM
MD
LG