Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:36

Британ эксперттери Орусия менен Иранды хакердик чабуулга айыптоодо


Британия өкмөтүнүн киберкоопсуздук тармагындагы эксперттери «кас маанайдагы өлкөлөрдүн» хакерлери жаңы коронавирустун вакцинасы тууралуу маалыматты уурдашы ыктымалдыгын эскертишкен.

Бул тууралуу "The Guardian" жазды. Гезиттин маалыматына караганда Улуттук киберкоопсуздук борбору хакердик чабуулдар күчөгөндөн кийин ушундай бүтүмгө келишкен. Алардын баамында мындай аракеттердин артында Орусия, Иран жана болжолу Кытайдын өкмөтү турат.

Ушул тапта COVID-19 илдетине каршы вакцина иштеп чыгууга ондогон университеттер жана илим изилдөө институттары киришкен. Азырынча интернет уурулары бул структуралардын бирди жарымынын компьютерин талкалап, маалыматына ээ болгону тууралуу ырастама жок.

Оксфорд университети дүйнөдөгү вакцина издеп жаткандардын сап башында жана аз мурда ыктыярчыларга клиникалык сыноону баштаган. Окуу жайы өз табылгаларын коргоо үчүн бийлик менен тыгыз иштешип жатканы билдирет.

Москва менен Тегеран хакердик чабуул тууралуу айыптарга азырынча жооп бере элек.

XS
SM
MD
LG