Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:02

"Талибан" өкүлдөрүн бошотууну тездетүүнү Кабулдан талап кылды


Абактан бошотулган "Талибандын" мүчөсү. 8-апрель, 2020-жыл.
Абактан бошотулган "Талибандын" мүчөсү. 8-апрель, 2020-жыл.

“Талибан” кыймылы ооган өкмөтүнөн абактардагы өкүлдөрүн бошотууну тездетүүнү талап кылууда. Кыймылдын расмий өкүлү Сухаил Шахин 4-майда “Акыркы үч күндө Кабул администрациясынын абактарынан 300 кишибиз бошотулганын кубаттайбыз. Ошентсе да бул жетиштүү эмес” деп "Твиттерге" жазды.

Ал процессти тездетүү "камактагыларды коронавирустан сактап калуу” үчүн да зарыл экенин белгилейт.

Быйыл февралдын аягында АКШ бийлиги менен “Талибан” мунасага келишкен. Анда ооган өкмөтү абактарындагы 5 миң талибди, “Талибан” туткундагы миң кишини боштмой болгон. Ошондон кийин 2001-жылдан бери тынбай келаткан жарандык согушту токтотуу үчүн сүйлөшүү башталары макулдашылган.

Ушул күнгө чейин 750 талиб, туткундагы 112 өкмөттүк аскер бошотулганын Ооганстандын Улуттук коопсуздук кеңеши билдирди.

Ошол эле маалда талибдер өкмөттүк күчтөргө чабуулун токтотпой келет.

XS
SM
MD
LG