“Реформа жана жыйынтык үчүн” жарандык бирикмеси коронавирус илдети менен күрөшүү иш-чараларына катышкан бардык күч кызматкерлерине кошумча акча төлөнүшү керек деген билдирүү таратты.
Бирикменин кайрылуусунда күч кызматкерлерине кошумча акы төлөнөрү айтылганы менен анын суммасы жана аны кимдер алары белгисиз болуп жатканы белгиленген. Коронавирус жуктуруп алган 27 кызматкердин жана алардын үй-бүлөсүнө канча каражат төлөнөрү да белгисиз болуп жатканы айтылат.
“Реформа жана жыйынтык үчүн” жарандык бирикмеси өлкөдөгү өзгөчө абал учурунда укук коргоо органдарынын анын ичинен Ички иштер министрлигинин кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштегендиктен бюджеттин тартыштыгына карабай кошумча акы төлөнүшү керек деп эсептейт. Бул маселе чечилбесе, укук коргоо органдарынын өздүк курамында сотко берүү мүмкүнчүлүгү бар экенин эскертти.
Ички иштер министрлиги өзгөчө абал учурунда кызмат өтөгөн милиция кызматкерлерине кошумча акчаны төлөп берүү боюнча 12 кишиден турган комиссия иштеп жатканын маалымдаган. Бул комиссия ар бир кызматкердин өзгөчө абал шартында кылган ишине жараша төлөнүүчү каражатты аныктайт. Комиссия Конституциянын, “Өзгөчө абал жөнүндө” мыйзамдын жана өзгөчө абал тууралуу башка токтомдордун, укуктук-ченемдик актылардын талаптары менен шарттарын эске алып, чечим чыгарат.
Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 30-апрелде Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине өзгөчө кырдаал шартында мыйзам боюнча айлык акы үч эсе көп төлөнүүгө тийиш экенин, бирок алар бюджетти колдош үчүн андан баш тартып жатышканын айткан. (TSh)