Бонецкий лабораториясы коронавирус инфекциясына жапырт текшерүү боюнча түшүндүрмө таратты. Анда коронавируска жапырт текшерүү долбоору меценаттардын каражатына Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте акысыз тест алуу экенин белгилейт. Андыктан демөөрчүлөрдөн акча топтоо учурда уланып жатат. Азыркы күндө 4363 бекер ПЦР-тест алууга каражат топтолду.
Аталган лаборатория COVID-19га биринчи кезекте Саламаттык сактоо министрлиги белгилеген медицина, укук коргоо органдарынын кызматкерлерин текшерет. Акысыз тест алууга алгачкылардан болуп «Мол Булак» каржылык компаниясынын жетекчиси Бабур Толбаев, “РСК” банкы жана «Гринтекгруп» ишканасы каражат бөлгөн.
Бонецкий лабораториясы азырынча жеке адамдардан акчага тест өткөрүү планында жок экенин маалымдады. Бирок кайсы бир ишкана өз чөнтөгүнөн кызматкерлерин текшертүүнү кааласа кызмат акысы алынарын белгилейт.
Буга чейин социалдык тармактарда аталган лаборатория 2000 сомдон коронавируска тест алат деген кабар тарап, кызуу талкууга алынган. (TSh)