6-майда Жогорку Кеңеш Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы бир нече райондордогу селдин кесепеттерин жоюу боюнча өкмөттүн маалыматын угат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Бир жума ичинде аталган аймактарда сел жүрүп, айдоо талааларды, турак жайларды суу каптаган. Өкмөт азыр кырсыктын чыгымын санап жатат. Баштапкы маалымат боюнча Баткендеги селдин кесепетинин чыгымы 69 млн. сом деп эсептелген. (TSh)