Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:21

Британия коронавирустан каза болгондордун саны боюнча Италиядан ашты  


Британиянын премьер-министри Борис Жонсон.
Британиянын премьер-министри Борис Жонсон.

Британияда COVID-19 илдетинин курмандыктары 29 420 кишиге жетти. Ал эми Италияда 29 315 киши бул вирустан көз жумду. Би-Би-Си Британияда эпидемия Италияга караганда тез жайылганын белгиледи.

Британиянын тышкы иштер министри Доминик Рааб өлкөдөгү реалдуу толук абал жөнүндө пандемия аяктаганда гана айтууга болорун билдирди.

Жон Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, дүйнө жүзү боюнча 3 млн. 659 миң адамга коронавирус жугуп, анын 256 928и көз жумду. Индия илдетти жугузгандар жана каза болгондор көп болуп жатканына карабай обочолонуу жана карантин чараларын жумшартууда. Бул өлкөдө 49 миң киши COVID-19 илдетине чалдыгып, 1600ү каза болду.

XS
SM
MD
LG