Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 22:01

Улуттук банк «Улуу Жеңишке 75 жыл» коллекциялык монетасын чыгарды


«Улуу Жеңишке 75 жыл» коллекциялык монетасы.

Кыргызстандын Улуттук банкы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арнап «Тарыхый окуялар» сериясынан «Улуу Жеңишке 75 жыл» коллекциялык күмүш жана жез-никел монетасын жүгүртүүгө чыгарды.

Бул тууралуу маалымат банктын расмий сайтына жарыяланды.

Анда монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжетин тынчтыкты даңазалаган көгүчкөн түзөрү, арткы фонунда Кызыл Армиянын солдаттарынын жана офицерлеринин «Жеңиш автографтары» жазылган Рейхстаг дубалы чагылдырылганы айтылат. Ал эми арткы бетинде «75» деген сандын фонунда «28 Баатырдын эрдиги үчүн» мемориалдык комплексинин элеси түшүрүлгөн.

Ошондой эле бул сериядан «Элдик Апрель революциясына 10 жыл» коллекциялык жез-никел монетасы да чыкты.

Ар бир монета акрил капсуласына салынган жана өзүнчө таңгакталган. Коллекциялык монеталар Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.

1941-1945-жылдагы согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан, алардын 90 миңден ашыгы согушта курман болгон. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG