Кыргызстанда эски оорулары күчөп каза болгон аял коронавирусту ооруканада жатканда жугузуп алган. Бул тууралуу 6-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, бейтап апрель айында Жайыл районунда ооруканага дарыланууга жаткан жана ошол жерден коронавирус жуккан адам менен байланышта болгон. Ошондон кийин эски оорулары козголуп, абалы оңолбой койгон.
«Боордун циррозу, эки тараптуу пневмония, полиоргандык жетишсиздик синдрому жана мээсинде шишик диагноздолгон. Дарылоо аракетине карабастан түндө каза болуп калды. Бул киши бир топ убакыттан бери дарыланып келген экен – февраль айында Улуттук фтизиатрия борборунда, апрелдин аягында Жайыл аймактык ооруканасында дарыланып жаткан учурда коронавирус жугузуп алган бир адам менен контакт болгон экен. Жугузуп алгандан кийин эски өнөкөт оорулары козголуп, Бишкектеги Республикалык клиникалык ооруканага которулгандан кийин деле абалы жакшы болбой, кайра өрчүп кеткен», - деди ал.
Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 28 адам жаңы катталды, 14 бейтап айыгып чыкты.
Жалпысынан 6-майга карата Кыргызстанда коронавирус 871 адамдан табылды, алардын ичинен 12 бейтап кайтыш болду, 614 адам сакайды. (RK)