Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:17

Министрлик: Эгер абал курчуса кайрадан кескин чектөө киргизүүгө даяр турабыз


Нурболот Үсөнбаев.
Нурболот Үсөнбаев.

Саламаттык сактоо министрлиги эгер эл көчөгө себепсиз чыгып, карантин талаптарын аткарбаса, өлкөдө кайрадан кескин чектөө эрежелери киргизилиши толук ыктымал. Бул тууралуу 6-майда министрдин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ал көчөгө чыкканда адамдар беткап тагынып, ортодо аралыкты сакташ керек деген талапты аткарышы зарыл экенин эскертти:

«Эгер көчөдө жүрүп жугуза баштаса, коркунуч ошондон болот. Андай болсо Саламаттык сактоо министрлиги радикалдуу чектөө тууралуу сунуш киргизгенге даяр турабыз. Анткени эпидемиологиялык абалды карашыбыз керек болот. Эл да жалпы тартипке көнүшү зарыл. Учурлар көбөйүп, жалпы элге коркунуч жаралса, абал курчуса тезинен кайра жанагыдай шарттарга келишибиз толук ыктымал. Берген кеңештерди угуп, тартипке көнсөк, абалды ушу бойдон кармап, ооругандардын санын азайтып, коркунуч тобундагылардын баарын тазалап, абалдан чыгып кетебиз».

5-майда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын отурумунда Бишкек шаарында карантиндик режимдин сакталышына көзөмөл күчөтүлөрү айтылган.

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов айрым соода жайларында, базарларда жана таксиде санитардык талаптар сакталбай жатканын билдирген.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов айрым ишканалардын иштешине уруксат берилгени менен элдин себепсиз көчөдө жүрүшүнө тыюу алына электигин эскертип, ээн-эркин басып жүргөндөр көбөйгөнү үчүн күч кызматкерлерин сынга алган.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 28 адам жаңы катталды, 14 бейтап айыгып чыкты.

Жалпысынан 6-майга карата Кыргызстанда коронавирус 871 адамдан табылды, алардын ичинен 12 бейтап кайтыш болду, 614 адам айыкты.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстанда Коопсуздук кеңешинин чечими менен Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Ат-Башы районунда 10-майга чейин өзгөчө абал, ал эми калган аймактарда өзгөчө кырдаал режими калтырылган. (RK)

XS
SM
MD
LG