«Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко аймактарга кирүүгө «тесттен өттү» деген маалымкат талап кылууну жокко чыгарууну талап кылды. Депутат бул тууралуу 6-майда парламентте маселе көтөрдү.
«Мындай талап коёрдон мурун өкмөт элди акысыз тесттен өткөрүү маселесин чечип берүүгө тийиш. Чечимди республикалык штаб кабыл алабы же ар ким өзү билген чечимин кабыл алып, талабын коё береби?», - деген суроо койду депутат.
Депутаттын талабын башка кызматташтары да колдоого алып, бул тууралуу түшүндүрмө берүүнү өкмөттөн талап кылышты.
4-майда өткөн брифингде Бишкек шаарынын вице-мэри Татьяна Кузнецова калаанын аймагына кирүүнү каалагандар өткөрмө кагаз менен кошо коронавируска анализ (экспресс-тест же ПЦР) тапшырганы тууралуу аныктама көрсөтүшү зарыл болорун айткан. Бул демилгени көп адамдар терс маанайда кабыл алды. (ZKo)
Пикирлерди көрүңүз (1)
дагы пикирлерди жүктөө