Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 19:07

Тажикстандан кайткан төрт кыргызстандык студенттен COVID-19 табылды


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 6-майга карата соңку бир суткада коронавирус аныкталган 28 адамдын төртөө - Тажикстандан кайткан кыргызстандык студенттер. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн брифингде айтты:

«Үч студент Тажикстандын Хожент шаарынан Лейлек районуна кайтып келген. Ошол жерден обсервациядан өтүп жатканда табылып, азыр дарыланып жатат. Дагы бир студент Дүйшөмбү шаарында окуган экен. Чек арага келип, мекенине өтүп жаткан кезде обсервацияга алынганда текшерүү учурунда COVID-19 табылгандыктан биз аны көзөмөлгө, дарылоого алдык».

«Азаттыкка» маалым болгондой, жалпысынан Тажикстандан 27 студент кайткан, алардын төртөөнөн коронавирус табылды.

Үсөнбаев кошумчалагандай, соңку бир күндө коронавирус табылгандардын арасында Дубайдан учуп келген кыргызстандык да бар. Анын диагнозу обсервацияга алынып, медициналык көзөмөлдөн өтүп жаткан учурда аныкталган.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 28 адам жаңы катталды, 14 бейтап айыгып чыкты.

Жалпысынан 6-майга карата Кыргызстанда коронавирус 871 адамдан табылды, алардын ичинен 12 бейтап кайтыш болду, 614 адам сакайды. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (6)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG