Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:22

Араванда келинди жеткирген таксист сабалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусуна караштуу Араван районунун Чек-Абад айылында жашаган келинди жеткирип барган тактистти топ балдар сабаган. Бир нече киши таксистти суракка алып жатканы тартылган тасма «WhatsApp» аркылуу таралууда.

Ош облустук ички иштер башкармалыгын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев окуя 2-майда болгонун, жабырлануучу арыз жазганын айтты.

«Келиндин аяштары таксистти ур-токмокко алышкан. Бул боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Жабырлануучунун жаман ою жок болгон. Келин сурангандыктан жеткирип коюуну чечкен экен», - деди ал.

«WhatsApp» аркылуу тараган тасмадан колунда жаш баласы бар аял машинеден түшүп жатканын, айдоочу кечирим сураганын көрүүгө болот. Дагы бир тасмада таксист капоттун ичинде жатканы тартылган.

Айдоочуну суракка алгандар андан күйөөсү Орусияда жүргөн келин менен эмнеге жолукканын сурашкан. Ал ооруканага жеткирип коюш үчүн келгенин айтып, аны коё берүүнү өтүнгөн. Андан соң ур-токмокко алгандар, таксист дагы бир жолу Чек-Абадга келе турган болсо өлүм менен жазаланаарын эскертишкен.

Ош ОИИБнин маалыматында бул иш боюнча төрт киши кармалды. Окуя Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринде «Бейбаштык» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. (DU)

XS
SM
MD
LG