Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-декабрь, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 17:49

Лейлектеги селдин кесепети 55,7 млн. сом зыян келтирди


Аксы району. 3-май, 2020-жыл.

Бул тууралуу бүгүн, 6-майда өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып билдирди. Анын айтымында, 2-май күнү мөндүр аралаш жааган жаандан улам пайда болгон селден турак жайлар, жолдор зыян тарткан. Министр социалдык тармактарда кара мал, машинелер агып баратканы тартылган видео тасмаларда «сел Лейлекте болгон» деген маалыматтар туура эмес экенин белгиледи.

Мындан тышкары министр Жалал-Абад облусунун Аксы, Ноокен жана Базар-Коргон райондорундагы табигый кырсыктын зыяны эсептелип жатканын кошумчалады.

Замирбек Аскаров ошондой эле 2020-жыл үчүн өзгөчө кырдаалдардын кесепетине каршы күрөшүүгө 143 млн. сом бөлүнгөнүн маалымдады.

2-май күнү Баткендин Исфана шаарында жалпысынан 30дан ашуун үйдү, жертөлөнү, бала бакчаны жана короону суу каптаган, айрым жерлерде дубалдар бузулган, автожолдорду суу каптап, шагыл толгон. Буга жаандын кесепетинен тоолордон келген селдин суусу арыктардан ашып кеткени себеп болгон.

Лейлек районунда болжол менен 90 чакырым жол кум менен шагылга толгон.

3-4-май күндөрү жүргөн сел Ноокен районунун Достук айыл аймагынын Кызыл-Туу айылында колотто жүргөн 50дөй койду агызып кеткен. Беш гектардай эгин талаасын да сел каптаган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, селден Ала-Бука районунун Биринчи Май айыл аймагында, Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл аймагында үйлөрдү, эгин талааларын, Аксы районунда 4-майда нөшөр жаандан кийин жолдорду суу каптаган. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG