Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июль, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 11:50

Пакистанда миңдеген адам митингге чыкты


Хост шаарындагы митинг. 5-май, 2020-жыл.

Шейшембиде Пакистандын бир нече шаарында укук коргоочу жана пуштундардын «Тахафуз» кыймылынын лидерлеринин бири Сардар Ариф Вазирдин өлүмүнө байланыштуу миңдеген адам митингге чыкты.

Вазир 1-майда Вана шаарына барганда аны жоочулар атып кетишкен. Алган жаратынан эртеси көз жумган.

«Биздин башкы максат - бул кандай болгонун, ким жасаганын, биздин өлкө ал террористтерди кандайча колдоп, курал карматып, коргоп атканын дүйнөгө айтып берүү», - деди «Тахафуздун» дагы бир лидери Мохсин Давар.

Ал өздөрүн тынч маанайдагы, куралы нааразылык акциялары болгон кыймыл деп тааныштырды.

«Тахафуз» 2018-жылдан бери 35 миллиондой пуштундун жарандык укуктары үчүн өнөктүк жүргүзүүдө. Кыймыл Пакистан армиясы 2003-жылдан бери миңдеген пуштунду өлтүрүп, үйүнөн качууга аргасыз кылганын айтып, митингдерди өткөрүп келет. Кыймыл Пакистандын коопсуздук кызматын Ооганстандагы «Талибан» менен бирге иш жүргүзүп, алардын тоолуу райондорго жашынышына шарт түзөт деп да айыптайт.

Исламабаддагы өкмөт жоочулар менен байланышта болгону тууралуу дооматтарды четке кагып жүрөт.

XS
SM
MD
LG