Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:28

Жаңы Зеландияга инвестор бара баштады


Жасинда Ардерн коронавируска каршы ийгиликтүү күрөшкөн дүйнө лидерлеринин бири болуп саналат.
Жасинда Ардерн коронавируска каршы ийгиликтүү күрөшкөн дүйнө лидерлеринин бири болуп саналат.

Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерн коронавирустун таралышын чектеп калуудагы ийгилик өлкөсүнө артыкчылык берип, инвесторлорго шарт түзөрүн билдирди.

6-майда «Microsoft» компаниясы маалымат менен иштеген борборун Жаңы Зеландияга кура турганын билдирген. Өлкө башчысы андан бир нече сааттан кийин билдирүү жасады.

«Вирусту ооздуктоо менен биз экономикабызды көптөгөн өлкөлөрдөн мурда кайра калыбына келүүгө жөндөмдүү кылдык. Биздин «коопсуз жай» экенибиз, стратегиялык артыкчылыгыбыз ушул. Эгер Жаңы Зеландиянын экономикасына ишенбесе «Microsoft» өңдүү эл аралык компаниялар инвестиция салмак да эмес, биерден инвестиция издемек да эмес», - деди премьер айым.

Бул аптада Жаңы Зеландияда коронавируска чалдыккан эки гана киши катталган. Убагында жеткиликтүү чараларды көрүү менен COVID-19 илдетине каршы ийгиликтүү күрөшкөн өлкө болуп саналат. Көптөгөн социалдык чектөөлөр алына элек экенине карабай, Жаңы Зеландиянын экономикасы акырындап ачылууда.

XS
SM
MD
LG