Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:20

Казакстан парламенттик оппозициянын мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүдө


Мажилистин депутаттары. Астана, 5-сентябрь, 2018-жыл.
Мажилистин депутаттары. Астана, 5-сентябрь, 2018-жыл.

Казакстандын Мажлиси шаршембиде парламент жана депуттардын макамы жөнүндө мыйзамга «парламенттик оппозиция» жана «парламенттик көпчүлүк» түшүнүктөрүн киргизүүнү колдоду.

Ага ылайык парламенттик оппозициянын депутаттары туруктуу комитеттердин биринин төрагалыгына жана эки комитеттин катчылыгына шайлана алат.

Башкаруучу партияга кирбеген депутаттар парламенттик талкууларды жана өкмөттүк сааттарды өткөрүү боюнча демилге көтөрүп, фракция лидерлери палаталардын биргелешкен жыйындарында сөз сүйлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Өткөн айдын аягында Мажлис шайлоо жана саясий партиялар жөнүндө мыйзамдарга түзөтүүлөрдү киргизген. Ага ылайык, азыркыдай 40 миң эмес, 20 миң мүчөсү бар партияларды каттоодон өткөрүүгө уруксат берилген. Аялдар жана жаштар үчүн 30% квота киргизилген.

Мыйзам долбоорлору парламенттин жогорку палатасы - Сенатка жөнөтүлдү. Колдоо тапса, кол коюу үчүн президентке киргизилет.

Казакстанда алты партия расмий каттоодон өткөн.

XS
SM
MD
LG