Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:43

Кыргыз-тажик чек арасында көзөмөл күчөтүлдү (видео)


Кожент шаарындагы паркты дезинфекциялоо. Тажикстан. 28-апрель, 2020-жыл.
Кожент шаарындагы паркты дезинфекциялоо. Тажикстан. 28-апрель, 2020-жыл.

Тажикстанда коронавирус илдетинин жайылышынан улам чек араны кайтаруу күчөтүлгөнүн вице-премьер-министр Акрам Мадумаров бүгүн, 6-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Вице-премьер өз сөзүндө аймакка барып келгенин, Тажикстандагы кырдаалдан улам кыргыз-тажик чек арасы өзгөчө көзөмөлгө алынганын белгиледи:

«Өткөн аптада чек арадагы аймактарды кыдырып келдим. Тажикстанда коронавирус илдети тездик менен жайылып жатканына байланыштуу чек араны көзөмөлдөөнү күчөтүп, чек арачыларды көбөйттүк».

Кыргызстанда 6-майга карата акыркы суткада коронавирус илдетин жугузган 28 адам катталды. Алардын ичинен төрт киши Тажикстанда жогорку окуу жайларында окуган кыргызстандык студенттер болгон.

Буга чейин Тажикстанга жүк ташып иштеген Лейлек районунун тургундары да ушул илдетке чалдыгып, ооруканага жаткырылган.

Тажикстанда коронавирус жуктургандардын саны 300гө чукулдаганы кабарланууда.

Тажикстан - коронавирус илдети эң кеч аныкталган өлкөлөрдүн бири. Бул өлкөдө COVID-19 вирусун жугузгандар тууралуу алгачкы маалымат 30-апрелде таратылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG