Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 4-майда карантиндик чектөөлөрдүн айрымдарын алууга даярданып жатканын билдирген. Бул чечимге ылайык июнь айынан баштап Түркия 19 өлкөнүн 23 шаарына аба каттамдарын ачары белгилүү болду. Ага ылайык, «Түрк аба жолдору» авиакомпаниясы Европанын айрым шаарлары жана Алматы, Тбилиси, Минск менен каттамдарын жандандырат. Стамбул-Бишкек учак каттамы бул тизмеде жок.
Расмий Анкара ошондой эле июль айында 74, август айында 98 өлкө менен аба каттамдарын ачууну пландаштырып жатканын маалымдады.
Түркия коронавирус пандемиясынан улам эл аралык учак каттамдарын 28-мартта толугу менен токтоткон. (ElB)