Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:28

Жарандык бирикме уруксат кагазын берүүнүн жабыктыгы коррупцияга түртөрүн билдирди


«Реформа жана жыйынтык үчүн» жарандык бирикмеси өзгөчө абал убагында өткөрмө кагаздарын берүү ачык болбогонун жана бул жагдай коррупцияга жол ачканын билдирди. Бирикме өлкөдөгү өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал учурунда уруксат кагаздарын берүүгө жана күч органдарынын аракеттерине карата жүргүзгөн мониторингдин жыйынтыгына таянып ушундай тыянак чыгарган.

Мониторингде Интернетти колдонуучулардан, уруксат алуунун кыйынчылыгына туш болгондордон сурамжылоо жүргүзүлүп, жалпыга маалымдоо каражаттарындагы кабарлар изилденген. Андагы маалыматтарга ылайык, Интернетти колдонуучулардын арасында электрондук уруксат кагазын көпчүлүгү ала албай калган жана анын себеби түшүндүрүлгөн эмес. Бирикме онлайн уруксат кагазын берүүдөн баш тартуунун себеби түшүнүксүз экенин белгилейт. Ал эми аймактарда уруксат кагазын алууда коррупция пайда болгонун айтып беришкен.

«Реформа жана жыйынтык үчүн» бирикмеси өлкөдө уруксат кагазын берүүнүн механизмин жакшыртууну сунуш кылат.

Кыргыз өкмөтү экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруу максатында 1-майдан тартып үч баскыч менен ишкана-мекемелердин ишке киришүү механизмин иштеп чыккан. Биринчи баскычтан ишке кирүүчү тармактарга өндүрүш, өнөр жайы, курулуш, соода, тейлөө тармагы кирет.

Өкмөт буга байланыштуу өзгөчө абал киргизилген аймактарда блокпосттор азайтыларын билдирген. (TSh)

XS
SM
MD
LG