Бул тууралуу Анкарадагы элчилик жана Стамбулдагы башкы консулдук маалымат таратты. Анда Түркиядан Кыргызстанга кетиш үчүн атайын чартердик каттамды күткөн 629 кыргызстандык жаран тизмеде турганы жазылган.
Тизмедегилердин дээрлик көпчүлүгү - Стамбул, Анкара жана Анталия шаарында жашап иштеп жаткан кыргызстандык мигранттар.
Буга чейин коронавирус пандемиясынан улам аба каттамдары жабылгандыктан Түркиядагы жүздөгөн кыргызстандыктар 24-мартта, 17-апрелде жана 24-апрелде атайын уюшулган чартердик каттам менен Кыргызстанга кайтышкан.
Ал эми Түркия 11-майдан тартып карантиндик чектөөлөрдүн айрымдарын алууга даярданууда. Президент Режеп Тайып Эрдоган биринчи баскычта чач тарачтар, сулуулук салондору жана соода түйүндөрү ачыларын билдирди.
Түркия - коронавирус пандемиясынан катуу жабыркап жаткан өлкөлөрдүн бири. COVID-19 илдетине чалдыккандар 130 миңге жакындады.
Түркияда 30 миңдей кыргызстандык Стамбул, Анкара жана Анталия сыяктуу ири шаарларда жашап эмгектенет жана окуйт. (ElB)