Буга байланыштуу Германиянын Кыргызстандагы элчилиги түшүндүрмө таратты. Андагы маалыматка ылайык, узак реформалардан кийин Германиянын Федералдык экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү министрлиги (BMZ) дүйнөдө күчөп жаткан глобалдык маселелерди мындан натыйжалуу чечиш үчүн келечекте даректүү иш алып барууга өтөт. Федералдык экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү министри Герд Мюллер «BMZ 2030» аттуу реформаны жарыялады. Анда кызматташтык, процесстер жаңыртылып, өнөктөш өлкөлөр азайтылат.
Анын ичинде Кыргызстан менен техникалык жана каржылык кызматташтык боюнча программалары алдыңкы жылдары акырындап токтотулат. Тактап айтканда, GIZ жана KfW программалары өлкөдө өз ишин аяктайт. Германия бул боюнча кыргыз өкмөтү менен сүйлөшүү жүргүзөрүн маалымдады. Германия буга чейин макулдашылган долбоорлор аягына чыгарыларын белгилейт.
Программаларды аяктоо планында коронавирус пандемиясынын кесепеттери эске алынат. Германия буга байланыштуу жакында кошумча каражат бөлгөн. Келечекте да бул кризиске байланыштуу жардам берилери каралып жатат.
Германия Кыргызстан менен 1993-жылдан бери кызматташып жатканын эске салып, Кыргызстан үчүн бул мезгилдеги жетишкендиктерди маанилүү деп эсептейт. Билдирүүдө өлкөнүн саясий системасында негизги элемент сөз эркиндиги жана демократия экени белгиленген. Анда айтылгандай, Кыргызстанда жашоо деңгээли көтөрүлүп, жакырчылык азайган. Өнүктүрүү боюнча кызматташтыкты токтотууга Кыргызстан жардамга өтө муктаж өлкөлөрдүн катарына кирбей калганы негиз болгон.
Бирок Германия Кыргызстан менен экология, билим берүү, маданият тармагында кызматташтыкты токтотпой турганын белгилейт. (TSh)