«Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтом жактырылды. Бул тууралуу өкмөттүн онлайн-конференция жыйынында белгилүү болгонун өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
Анда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирус пандемиясы өлкөнүн экономикасына тийгизген кесепетинен улам бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнө тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүүнү талап кылганын билдирди.
«Жыйынтыгында министрликтердин жана мекемелердин, анын ичинде президенттин жана өкмөттүн аппараттарынын чыгымдарын жалпысынан 10,6 млрд. сомго азайтуу жөнүндө чечим кабыл алынды. Бул республикалык бюджеттин учурдагы каражаттарын сарамжалдуу пайдаланууга шарт түзөт», - деди Абылгазиев.
Казынадан бөлүнгөн 3,5 млрд. сомдун 640 млн. сому укук коргоо органдарынын кызматкерлерин кошумча каржылоого, 411 млн. сому азык-түлүк коопсуздугуна жана 868 млн. сому коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүгө багытталды. Мындан тышкары cаламаттык сактоо тармагын, анын ичинде мамлекеттик инвестициялык программаны каржылоо 4,3 млрд. сомго көбөйдү.
Өкмөт башчынын айтымында, чыгымдардын азайышы корголгон беренелерге бөлүнгөн 110 млрд. сомго тиешеси жок. Башкача айтканда айлык акы, пенсия, жөлөкпул өз убагында толук төлөнөт.
6-майда парламент депутаттары өкмөттөн социалдык төлөмдөр боюнча ачык маалымат берүүнү талап кылышкан. (TSh)