Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:01

Украина Орусиянын тыңчысын кармаганын билдирди


Украинанын Коопсуздук кызматы (СБУ) 6-майда «заманбап ракета системасы» тууралуу маалымат чогултуп жүргөн адам кармалганын билдирди.

СБУ Луганск аймагында туулган шектүү Орусиянын атайын кызматынын тапшырмасынын негизинде украин аскер адамдары менен байланыш түзүп, сырдуу маалыматты сатып алууга аракет кылганын белгилейт. Бул үчүн шектүү сый акы сунуш кылып, аны аскер адамдары украин атайын кызматына кабарлаган.

Азырынча бул дооматка Москва жооп бере элек.

Киев буга чейин да орус бийлигинин тапшырмасы менен келген деп, бир катар адамдарды кылмышка шектүү катары кармаган.

2014-жылы Орусия Крымды аннексиялап алып, Донбасстагы жикчилдерди колдой баштагандан бери эки өлкөнүн мамилеси тарыхый эң начар абалда.

XS
SM
MD
LG