Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:04

AI Азимжан Аскаров боюнча акция уюштурууда


Эл аралык «Amnesty International» укук коргоо уюму Кыргызстанда өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровду бошотуу боюнча акция уюштурууда. Уюм укук коргоочуну бошотууга байланыштуу президент Сооронбай Жээнбеков жана Кыргызстандын Америкадагы элчиси Болот Отунбаевага кат жазууга чакырууда. Уюмдун сайтында каттын даяр үлгүсү жайгаштырылган. Акция 3-июнга чейин улантылат.

«Азимжан Аскаров укук коргоо жаатындагы ишмердүүлүгү үчүн жалган жалаа менен 10 жылдан бери түрмөдө отурат. Ал май айында 69 жашка чыгат жана жүрөк оорусу менен жабыркайт. Анын абалы абакта кескин начарлап баратат. Укук коргоочунун саламаттыгы COVID-19 пандемиясынын жайылышына байланыштуу укук коргоочунун саламаттыгы коркунучта жана ал бошотулушу керек», - деп айтылат уюмдун кайрылуусунда.

Жалалабаддык укук коргоочу Азимжан Аскаров «Базар-Коргондо 2010-жылдагы кандуу калабаны уюштурган» деген сыяктуу бир нече оор беренелер менен айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

Учурда Аскаровдун кассациялык арызы Жогорку сотто каралууда. Алдыдагы отурум 13-майга белгиленген. (TSh)

XS
SM
MD
LG