Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-декабрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 14:44

Беларус ТИМи орусиялык журналисттерди аккредитациядан ажыратты


Беларустун Тышкы иштер министрлиги Орусиянын «Биринчи канал» телеканалынын журналисттеринин аккредитациясын кайтарып алды. Бул тууралуу беларус телеканалдары кабарлашты.

Орусиялык «РИА-Новости» агенттиги өлкөдөгү коронавирус пандемиясы боюнча абал жөнүндө көрсөтүлгөн сюжеттен кийин ушундай чечим кабыл алынганын белгиледи.

Бийликтин чечимине «Беларус-1» телеканалынын журналисти мындай пикирин билдирди.

«Беларус көз каранды эмес мамлекет катары өз жарандарын медициналык гана эмес, маалыматтык жактан да коргоого укугу бар. Маселен, бир сюжетте калп жана фейк жети маалымат бар. Бул аша чапкандык», - деди жураналист.

Tut.by сайты ТИМдин басма сөз кызматкери Анатолий Глазга шилтеме кылып, «Биринчи каналдын» кабарчысы Алексей Кручининдин жана топтун дагы бир мүчөсүнүн аккредитациясы 6-майда алынганын жазды.

«Биринчи каналдын» басма сөз кызматы кабарчы Беларустан чакыртып алынганын билдирди. Канал журналисттердин аккредитациясы негизсиз алынды деп эсептейт.

Кручинин Беларустагы коронавирус пандемиясы тууралуу бир нече репортаж даярдаган. Анын акыркы программасы 6-май күнү чыккан. Анда журналист коронавирус менен ооруп жаткандар жана андан көз жумгандар көбөйүп жатканы жөнүндө материал даярдаган. Буга чейин «Биринчи каналдын» сюжеттерин Беларустун тышкы иштер министри Владимир Макей сындаган болчу.

Ал сюжеттерде Беларус бийлиги пандемиянын масштабын баалабай жана ага каршы чара көрбөй жатканын айткан. Расмий Минск муну четке кагат. Беларус мамлекетинде жалпы элдик карантин жарыяланган эмес. Өлкө башчы Александр Лукашенко бийликтин мындай кадамын актаган бир нече кайрылуу тараткан.

Расмий маалымат боюнча бул өлкөдө коронавирус 20 миң кишиден табылып, 112 адам көз жумду.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG