Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:41

Бишкек: Балдар ооруканасында бейтаптардан, энелерден жана кызматкерлерден COVID-19 табылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги Энени жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун гематология бөлүмү жаңы бейтаптарды кабыл алууну убактылуу токтотту. Бул тууралуу 7-майда онлайн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, коронавирус бул жерде дарыланган бир нече баладан, алардын апаларынан жана эки кызматкерден табылган.

«Энени жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун гематология бөлүмүндө чыңалган эпидемиологиялык кырдаал түзүлгөнүн кабарлаганбыз. Ал жерде 17-24-апрелде бир бейтап бала жаткан, апасы менен. Ооруканадан чыккандан кийин бир нече күн Бишкекте болуп, анан Тогуз-Торо районуна кетишкен. Ошол жактан алдын-ала текшерүү учурунда алардан коронавирус табылган. Маалымат Бишкекке берилип, гематология бөлүмүндө эпидемияга каршы бардык тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлгөн. Алар жаткан кезде иштегендер жана дарылангандар текшерилгенде дагы жети кишиден вирус табылып, алар Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасына жаткырылган – экөө бөлүмдүн кызматкери (санитар жумушчу жана медкызматкер), балдар жана аларды карап жаткан үч эне», - деди ал.

Үсөнбаев ошол кезде иштеген кызматкерлер азыр обсервацияда экенин, жаңы бейтаптар башка ооруканаларга бөлүштүрүлүп жатканын кошумчалады. Буга чейин дарыланууга жаткандар дарыгерлердин катуу көзөмөлүндө турганын билдирди.

Жалпысынан 7-майга карата Кыргызстанда коронавирус 895 адамдан табылды, алардын ичинен 12 бейтап кайтыш болду, 637 бейтап айыгып чыкты. (RK)

XS
SM
MD
LG