Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:03

Кыргыз өкмөтү антикризистик экинчи планын бекитти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу өзгөчө кырдаал шартында экономикалык ишмердүүлүктү колдоо максатындагы антикризистик пландын экинчи бөлүгү 6-май күнү өкмөттүн жыйынында бекитилди. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев бүгүн, 7-майдагы брифингде билдирди. Анын айтымында, бул план ишкер чөйрөдөн түшкөн сунуштарды, көз карандысыз эксперттердин, Жогорку Кеңеш депутаттарынын жана эл аралык донорлордун сунуштарын эске алуу менен иштелип чыкты.

«Эң негизги басымды биз жеңилдетилген каржылоого же жеңилдетилген насыя берүүгө коюп жатабыз. Бул тууралуу өзүнчө да программа иштелип жатат, анда насыянын мөөнөттөрү, үстөгү жана кошумча жеңилдиктер бекитилет. Андан тышкары антикризистик пландын алкагында Мамлекеттик кепилдик фондунун капиталын 1 млрд. сомго көбөйтүү каралган. Салык келишимдерин кайра эсептеп чыгып, капиталды жана мүлктү мыйзамдаштырып, көмүскө акчаны ачыкка чыгарып, экономикага иштетсек, пайдасы тиет», - деди Асрандиев.

Вице-премьердин маалыматына караганда, өзгөчө кырдаал шартында карантинге байланыштуу иши токтоп калган ишкерлерди мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү ижара акысынан убактылуу бошотуу да каралган.

Өкмөт антикризистик фондго баштапкы мезгилде 14 млрд. сомдон кем эмес акча чогултууну көздөөдө.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу өзгөчө кырдаал шартында Кыргызстандын мамлекеттик бюджети 30 млрд. сом зыянга учурашы алдын-ала кабарланган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG