Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 05:33

Милиция: Чаткалда медкызматкерди муунтуп, баш ийбегендердин окуясы териштирилип жатат


Чаткал району.

Райондук ички иштер бөлүмү дарыгерлердин талабына баш ийбей, кол көтөргөндөрдүн окуясына байланыштуу козголгон ишти тергеп жатат. Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы «Азаттыкка» берген маалыматына караганда иш Жазык кодексинин «Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу» фактысы менен козголгон.

«2-май күнү дарыгерлер коронавируска шектелген тургундун үйүнө барышкан. ПЦР анализ алып, 2010-жылы туулган баланы ооруканага жаткырыш үчүн алып кетүүнү айтышкан. Коңшулары чогулуп, жергиликтүү тургундар «андай оору жок» деген жүйө менен каршылык көрсөтүшкөн. Тургундардын бири лаборатория кызматкерин муунтуп, дарыгерлерге акаарат келтиришкен. Окуя дарыгерлердин арызынын негизинде териштирилип жатат», - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле райондун Каныш-Кыя айылынын 29 жаштагы тургуну уулунан аныкталган илдетти дарыгерлер купуя сактабай, жарыялап жиберген деп күнөөлөп, дарыгерлердин үстүнөн милицияга кайрылган. Ички иштер бөлүмү Жоруктар кодексинин «Дарыгерлик сырды ачыкка чыгаруу» боюнча ачылган сотко чейинки өндүрүш ишин да карап жатат.

Чаткал районунда коронавирус боюнча эпидемиологиялык абал курчуп жатканын 7-майда онлайн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирген. Райондо учурда 13 адамдан илдет аныкталган.

Жалпысынан 7-майга карата Кыргызстанда коронавирус 895 адамдан табылды, алардын ичинен 12 бейтап кайтыш болду, 637 бейтап айыгып чыкты. (RsK)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG