Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:39

Пандемиядан улам Бишкекте 71,5 миң ишкана ишин токтотту


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Пандемиядан улам Бишкекте 71,5 миң ишкана ишин токтотту. Натыйжада анда иштеген 155 миң адам убактылуу жумушсуз калды.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Алмаз Бакетаев бүгүн, 7-майда брифингде билдирди. Анын айтымында, баш калаадагы кафе-ресторан, тойканалар, кызмат көрсөтүү, тейлөө кызматтары ишин токтотту. Ушундан улам, Бишкектин экономикасы начарлоодо.

«Жыл башынан бери мамлекеттик бюджетке алгачкы төрт айда болжолдонгон 3,2 млрд. сомдун ордуна 2,3 млрд. сом гана түштү. Салык негизинен орто жана чакан ишканалардан, патенттен түшөт. Шаар бюджети социалдык жактарды каржылоого чыгымдалат», - деди ал.

Бакетаевдин маалыматы боюнча, Бишкектин мэриясы бюджетти кайра карап, чыгашаларды оптималдаштырууну чечти. Вице-мэр ошондой эле шаарда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында азык-түлүк саткан ири базарларга, соода борборлоруна иштөөгө уруксат берилгенин да белгилеп, шаарда ун таңсыктыгы жок экенин айтып кетти.

Бишкектин мэриясынын алдында ачылган атайын эсепке кайрымдуулук фонддорунан жана жеке жарандардан келип түшкөн акчанын суммасы 4,4 млн. сомду түздү.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Бишкекте 25-марттан тартып өзгөчө абал жарыяланган. Акыркы он күндөн бери борбор шаардын аймагында COVID-19 илдетин жуктуруп алган жарандардын саны көбөйүп жатканы айтылууда. Республикалык штабдын маалыматына караганда, 7-майга карата өлкөдө катталган 895 адамдын 257си Бишкек шаарында. (ZKo)

XS
SM
MD
LG