Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Февраль, 2021 жума, Бишкек убактысы 19:21

БУУ эксперттери: Ливияда орус жалданма аскерлери бар


Соккудан ураган үйдүн жанында турган балдар. Ливия. 28-февраль, 2020-жыл.

Орусиялык «Вагнердин жеке аскердик компаниясынын» (ЧВК Вагнера) миңдей аскери Ливиядагы козголоңчул генерал Халифа Хафтарды колдоп жүрүшү ыктымал. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун эксперттеринин баяндамасына таянып «Reuters», «Associated Press» жана «France-Presse» агенттиктери жазышты.

Эксперттер тобу Ливиядагы вагнерчилерди 2018-жылдын октябрынан тартып аныктаганын, алардын саны 800-1200 чамалуу экенин «France-Presse» мисалга тартты.

«Вагнерчилер аскер техникасын оңдоодо техникалык көмөк көрсөтөт. Аскердик операцияларга жана таасир этүү операцияларына катышат», деп жазылат баяндамада.

Ливияда 2014-жылдан бери жарандык согуш жүрүп жатат. Бир тарапта эл аралык коомчулук тааныган Фаиз Сарадждын Улуттук ынтымак өкмөтү. Экинчи тарапта генерал Халифа Хафтар колдогон убактылуу өкмөт. Хафтарды Орусия, Бириккен Араб Эмираттары жана Египет колдойт.

Буга чейин Ливияда орусиялык жалданма аскерлер бар экенин Сарадждын өкмөтү да, Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган да билдирген.

Орусия Ливиядагы жарандык согушка кийлигишти деген айыптоону четке кагат. Январда президент Владимир Путин ал өлкөдө «орус жарандары болсо да, алар Орусия өкмөтүнүн кызыкчылыгын коргобойт жана мамлекеттен каржы албай» деп билдирген.

XS
SM
MD
LG