Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:07

Радио жана байланыш кызматкерлеринин күнү белгиленүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда бүгүн Радио жана байланыш кызматкерлеринин кесиптик күнү белгиленүүдө. Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына караганда, азыр Кыргызстанда 50 радиостанция бар, алардын төртөө мамлекеттик.

Мекеменин директору Наталья Черногубова «Азаттыкка» билдиргендей, 2017-жылдан бери радио жыштыктарды 10 жылдык мөөнөткө сатуу аукциону онлайн ыкма менен өткөрүлө баштады. Ошондон бери жыштыкты пайдалануу укугу 23 миллион 700 миң сомго сатылган. Акча бюджетке түшөт.

Черногубова белгилегендей, 50 радиостанциядан угарман музыканын бардык жанрларын жана маалыматтын түрлөрүн таап уга алат жана жылдан жылга Интернет аркылуу иштөөгө умтулгандар көбөйө баштады.

«Интернет аркылуу онлайн чыгуу мүмкүнчүлүгү баарында эле бар деп айта албайбыз, - дейт ал. - Себеби бул үчүн тиешелүү ресурсу, Интернети болушу керек. Бирок азыр ошондой ыкмага өтүүгө умтулгандар көп. Анын үстүнө азыркы смартфондор да адамдар радиону FM жыштыктан эмес, Интернеттен көбүрөөк угарын көрсөтүүдө».

1895-жылдын 7-майында орус физиги Александр Попов радио ойлоп тапканы коомчулукка жарыяланган. Бирок ага чейин италиялык окумуштуу Гулье́льмо Марко́ни радиону ойлоп тапканы тууралуу тарыхый маалыматтар да бар.

Радио байланышы бара-бара өнүгүп, телефондук байланышка, Интернетке жана телекөрсөтүүгө негиз болгон.

Азыркы кезде Кыргызстанда миңдеген байланыш кызматкерлери күнү-түнү республика боюнча байланышты камсыз кылып иштешет.

Кыргызстанда радио түйүндөрү 1927-жылы иштей баштаган, 1931-жылы 19-декабрда Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Советинин алдында Радио комитети уюштурулган. Бул дата Кыргыз телерадиосунун түптөлгөн күнү.

Өлкөнүн радио тармагында өзүнүн татыктуу ордун «Азаттык» радиосу да ээлейт. Бүгүнкү күндө «Эркин Европа-Азаттык» радиосунун кыргыз бөлүмү кеңири радио, TV жана интернет-платформага айланды. Ачык, демократиялык коом куруу, адам укуктарын жана эркиндигин, сөз эркиндигин жайылтуу «Азаттыктын» негизги миссиясы болуп саналат. Радионун расмий «Youtube» жана «Instagram» баракчаларына жазылгандар ар биринде миллиондон ашуун. (RK)

XS
SM
MD
LG