Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:15

Өкмөт жергиликтүү бийликтегилердин өзүм билемдигин сындады


Иллюстрациялык сүрөт.

Вице-премьер-министр Кубатбек Боронов аймактардагы жергиликтүү бийлик же тургундар орноткон карантиндик посттордун ишин жөнгө салыш керек экенин билдирди. Ал мындай пикирин республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынында айтты.

Боронов жергиликтүү бийликтин жогорку органдар менен макулдашылбаган аракеттери коомчулукта тынчыздануу пайда кылып жатканын белгилеп, мындан кийин өкмөттүн, штабдын чечимине каршы келген чаралардан, билдирүүлөрдөн этият болуш керек экенин эскертти:

«Ар бир жетекчи жеке жоопкерчилик алат. Ошол эле учурда штабдын чечимдерине карама-каршы келген ашыкча алдын алуу чараларына жана өзүм билемдикке жол берилбеши керек. Чечимдер объективдүү, колдо болгон шарттарга жана мүмкүнчүлүктөргө ылайык кабыл алынып, кандайдыр бир коррупциялык коркунучу бар жагдайларга шарт түзбөшү керек. Мындай окуяларга экинчи жол берилбесин».

Ошондой эле жыйында айылдарда орнотулган карантиндик постторду ирээтке келтирүү зарыл экендиги айтылды. Боронов мындай посттордо жергиликтүү тургундардын өзүм билемдик аракеттерине жол бербөөнү тапшырды. Аймактардан карантиндик постторго байланыштуу нааразылыктар көп экени жана жарандардын эркин жүрүшүнө чектөө коюлуп, айрымдары опузага кабылып жатканы тууралуу кеп болду.

Кыргызстандын коронавирус көп катталган Бишкек, Жалал-Абад, Нарын, Ош шаарларында, Ат-Башы, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда президенттин жарлыгы менен 30-апрелге чейин өзгөчө абал жарыяланган. Президенттин 28-апрелдеги жарлыгы менен Нарын шаарынан, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунан өзгөчө абал алынган. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (9)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG