Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги акыркы суткада жүздөн ашуун адам коронавирус жугузганы аныкталганын билдирди.
7-майга карата өлкөдө COVID-19 илдетине чалдыккандар 4530 кишиге жетти. Алардын ар бир үчүнчүсү айыгып чыкты. 30 адам инфекциянын айынан каза болду.
Жаңы вирусту жугузгандардын 30% ашыгы Алматы шаарында катталган.
Өлкөдө карантин режими дагы эле сакталууда. Бардык жамааттык иш-чаралар токтотулуп, мүмкүнчүлүккө жараша Интернет аркылуу белгиленүүдө.
9-май аскердик парад да өтпөйт. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев калкын 7-майда Жеңиш күнү менен куттуктады.