Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, бул жылы Бишкекте 11-классты 6 592, 9-классты 13 310 окуучу бүтүрөт. Алардын ичинен өзгөчө аттестат жана күбөлүк алууга 11-класстан 164, 9-класстан 313 окуучу талапкер болуп жатат. Алар 29-майда тест тапшырышат.
Учурда Билим берүү жана илим министрлиги окуучулар тапшырчу негизги экзамендердин форматын даярдап жатат. Ал эми жалпы республикалык тестирлөө 20-25-июнга чейин өтөт. Мында санитардык талаптар бекем сакталууга тийиш.
Коронавирустун жайылышынын алдын алуу максатында киргизилген чектөөлөрдөн улам Кыргызстанда көптөгөн мекеме-ишканалар сыяктуу эле мектептер, жогорку окуу жайлары жана бала бакчалар да убактылуу жабылган. (TSh)