Кыргызстан COVID-19 илдетине каршы күрөштөгү чукул муктаждыктарга 36 миллион евро кошумча бөлүү жөнүндө ыкчам чечими үчүн Евробиримдикке (ЕБ) ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелге 7-майдагы телефон сүйлөшүүсүндө билдирди. Мындай маалыматты мекеменин басма сөз кызматы таратты.
Европа Биримдиги Кыргызстандын коронавируска каршы аракеттерине колдоо көрсөтүш үчүн 36 миллион евро бөлөрүн биримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү 28-апрелде «Азаттыкка» билдирген.
7-майдагы телефон сүйлөшүүсүндө министр ошондой эле Евробиримдиктин Кыргызстан үчүн 2021-2027-жылдарга көп жылдык индикативдик планын иштеп чыгууда бюджеттик колдоого каражат бөлүү аркылуу программаларды жана долбоорлорду каржылоону максималдуу көбөйтүүнү кызматташына сунуш кылды. Ошондой эле программада саламаттык сактоо тармагын колдоого артыкчылык берүү сунушталды.
Бир күн мурда Германиянын Борбор Азия өлкөлөрүнө, анын ичинде Кыргызстанга техникалык жана каржылык программаларын кыскартуу планы тууралуу маалымат тараган.
Тараптар алдыдагы визиттерди жана иш-чараларды да COVID-19дун жайылышын эске алуу менен талкуулашты. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын билдиргенине караганда август айында Кыргызстанда өтөрү белгиленген экономикалык форумга Евробиримдиктин жогорку деңгээлдеги жетекчилери катышары жана бир катар бийик деңгээлдеги расмий сапарлар болору болжолдонгон.
COVID-19 пендемиясына байланыштуу дүйнөдө ири эл аралык иш-чаралар жана расмий сапарлар жылдырылып келатат. (TSh)