Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:01

Cаакашвили Украинанын Реформа кеңешинин аткаруу комитетин жетектеди


Михаил Саакашвили.
Михаил Саакашвили.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Одесса облусунун мурдагы губернатору, Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвилини Реформа боюнча улуттук кеңештин аткаруу комитетинин башчысы кылып дайындады.

Тийиштүү буйрук бейшембиде украин президентинин сайтында жарыяланды. Зеленский Саакашвилини чын жүрөктөн куттуктап, Кеңешке жаңы дем берип, өлкөнүн маанилүү өзгөрүүлөрүнө жардам бере турганынан үмүт кыларын белгиледи. «РБК Украина» агенттиги Реформа боюнча улуттук кеңеш 2014-жылы түзүлгөнүн жана президентке караштуу кеңеш берүүчү атайын орган экенин жазды.

Президент Зеленский Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвилиге вице-премьерлик кызмат сунуш кылганы 22-апрелде белгилүү болгон. Ал бул кызматка барууга макулдугун берген. Бирок анын Жогорку Раданын колдоосуна толук ээ болушу күмөн жараткан. Украин президенти Владимир Зеленскийдин «Эл кызматчысы» партиясынын мүчөлөрү да Саакашвилини вице-премьерликке дайындоо маселесинде экиге бөлүнгөн.

Украинанын мурдагы президенти Петро Порошенко кызматта турган кезинде Саакашвилиге украин жарандыгын берип, Одесса облусунун губернатору кылып дайындаган. 2016-жылдын соңунда Саакашвили губернаторлуктан кетип, украин бийлигин коррупция боюнча айыптай баштаган.

2017-жылы Порошенконун жарлыгынын негизинде Саакашвили жарандыктан ажыратылып, өлкөдөн мажбурлап чыгарылган. Бийликке Владимир Зеленский келген соң Украинага кайтып, жарандыгы калыбына келтирилген.

XS
SM
MD
LG