8-майга карата акыркы суткада саат 21:00-06:00 аралыгында өзгөчө абал жарыяланган Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Ат-Башы районунда коменданттык сааттын талабын бузган 163 адам кармалды. Алардын ичинен Бишкек шаарында – 143, Ош шаарында - 10, Жалал-Абад шаарында - 7, Ат-Башы районунда - 3 адам.
Өзгөчө абал жарыяланган 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 4733 жаран коменданттык саатты бузганы үчүн кармалган. Алардын бардыгына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, коменданттык саат аяктаганда кое берилген.
Кыргызстандын коронавирус көп катталган Бишкек, Жалал-Абад, Нарын, Ош шаарларында, Ат-Башы, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда президенттин жарлыгы менен 30-апрелге чейин өзгөчө абал жарыяланган. Президенттин 28-апрелдеги жарлыгы менен Нарын шаарынан, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунан өзгөчө абал алынган.
Учурда өзгөчө абал режими сакталып турган Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Ат-Башы районунда саат 21:00 – 06:00 аралыгында көчөдө адам да, машине да жүрбөшү керек. (ZKo)