Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:42

Кыргызстандык студенттер үчүн Венгриядагы квота көбөйтүлөт


Видео конференция учуру. 7-май, 2020-жыл.
Видео конференция учуру. 7-май, 2020-жыл.

Кыргызстандык студенттер үчүн Венгриядагы окуу жайларына бөлүнгөн квотанын санын 150 орунга чейин көбөйтүү макулдашылды.

Мындай маалымат Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петер Сийяртонун 7-майдагы видео жолугушуусунда айтылды. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, тараптар видео конференцияда мындан тышкары эки өлкөнүн ортосундагы жогорку жана эң жогорку деңгээлдерде пландалган иш-чараларды талкуулашты.

Маектин жүрүшүндө эки өлкөнүн тышкы саясий мекеме башчылары эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун 2020-жылы Венгрияда өтчү расмий сапарын уюштуруунун алкагында кызматташтыктын өнүгүү жолдорун сүйлөштү. Мындан тышкары Кыргызстанда COVID-19 вирусунун кесепеттерин азайтыш үчүн Венгриянын жеңилдетилген насыяларын пайдалануу мүмкүнчүлүгү тууралуу сөз болду.

Чыңгыз Айдарбеков ВСП+ макамынын алкагында Кыргызстанда өндүрүлгөн товарларды Евробиримдиктин аймагына экспорттоо боюнча Венгрия менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө кыргыз тарап кызыкчылыгы бар экенин белгиледи.

Видео жолугушууда жакынкы күндөрдө Венгриянын Кыргызстандагы элчисин дайындоо тууралуу да сөз болду. (ZKo)

XS
SM
MD
LG