Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:18

Чаткалда райондук оорукана толук карантинге жабылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Райондогу аймактык оорукана коронавируска байланыштуу толугу менен карантинге жабылды. Мындай маалыматты аталган оорукананын башкы дарыгери Малик Исмаилов «Азаттыкка» билдирди:

«Эки кабаттуу төрөткана жана хирургия бөлүмү толугу менен жабылып, ал жерде илдетке чалдыккан 12 адам дарыланып жатат. Мындан сырткары терапия, балдар бөлүмү да COVID-19 менен ооругандарды кабыл алууга даярдалган. Жалпысынан 19 бейтап изоляцияга алынган. Тургундар арасында оору тууралуу ишенич жок болуп жатат. Дарыгерлер күч кызматкерлеринин жардамында гана бейтапканага жеткирип жатат».

Аймактагы төрөткана №6, жатып дарылана турган башка бейтаптар №2 үй-бүлөлүк дарыгерлер топторуна көчүрүлгөн. Ал эми операция жасалууга муктаж, абалы оор бейтаптар Ала-Бука районуна жөнөтүлүп жатат.

Чаткал районунда коронавирус боюнча эпидемиологиялык абал курчуп жатканын 7-майда онлайн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирген. Райондо учурда 13 адамдан илдет табылган.

Жалпысынан 8-майга карата Кыргызстанда коронавирус 906 адамдан табылды, алардын ичинен 12 бейтап кайтыш болду, 650 бейтап айыгып чыкты. (RsK)

XS
SM
MD
LG