Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:53

Күч кызматкеринин өзгөчө абал шартында элге мамилесине баа берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Реформа жана натыйжа үчүн» жарандык бирикмеси күч кызматкерлеринин өзгөчө абал учурундагы ишине жүргүзгөн он күндүк мониторингдин жыйынтыгын жарыялады. Мониторинг 17-апрелден 27-апрелге чейин маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда сурамжылоо иретинде жүргөн.

Сурамжылоого катышкандардын басымдуу бөлүгү же 46,2% карантин постторунда кыйынчылыктарга кабылбаганын айтышкан. Сурамжылангандардын 28% жанында тиешелүү документтери болсо да блокпосттордо тоскоолдуктарга учураганын билдиришкен.

23,5% респонденттер күч кызматкерлери жарандарга орой мамиле кыларын айтышса, сурамжылоого катышкандардын 22,5% блокпосттордо турган милиционерлер мыйзамсыз талап коюп, уруксат берилген өткөрмөдөн тышкары дагы башка документ талап кылганын билдиришкен.

Жарандык бирикменин билдирүүсүндө «блокпосттордо турган кызматкерлер ишин жакшы билбегендиктен, түрдүү кырдаалдар түзүлүп, ар кайсы постто ар түрдүү документтер талап кылынганы» белгиленген. Бирикме ошол эле учурда айрым респонденттердин мыйзамсыз талаптар жөнүндө дооматтары туура эмес экенин белгилеп, муну өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминин эрежелери тууралуу маалыматтын жетишсиздиги менен негиздеген.

Сурамжылоодо ошондой эле күч кызматкерлеринин 16% гана жарандарга өздөрүн тааныштырганы жана күбөлүгүн көрсөткөнү айтылган. 28% кызматкерлер аты-жөнүн айтканы менен күбөлүгүн көрсөткөн эмес. 55% өзүн тааныштырган эмес.

Сурамжылоого катышкандардын 46,4% күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал шартындагы иши канааттандырарлык деп билдирсе, 19,9% канааттанбаганын айтышкан.

Мониторинг Кыргызстандагы Сорос фондунун колдоосу менен жүргүзүлгөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG