Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:13

«Ош-Тазалык» мэриядан 10 миллион сом сурап кайрылды


Ош шаары.
Ош шаары.

Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна «Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынын жетекчиси Нурбек Исмаилов билдирди. Анын айтымында, бул каражат күйүүчү майды сатып алууга жумшалат.

«Буга чейин айына 10 миллион сом топтолсо, бул айда чогулган жок. 2 миллион 100 миң сомдон ашыгыраак гана топтолду. Бул биз үчүн аябай чоң жетишпестик. Ишибизди токтотуп койсок таштандылар шаарда көбөйүп кетет. Биз мэриядан 10 миллион сом карыз сурап кат жөнөттүк. «Беребиз» дешкен, бирок карала элек. Азыр күйүүчү майды карызга алып жатабыз. Эгер алар бербей койсо шаарда техникалар токтоп калат», - деди Нурбек Исмаилов.

Исмаилов ишкана күйүүчү майды «Россия Нефть» компаниясынан март айынан бери карызга алып жатканын кошумчалады.

Ишкананын маалыматында шаарды тазалаш үчүн күнүнө 2 тонна күйүүчү май сарпталат. Учурда 50дөн ашык техника жана 300гө жакын кызматкер эмгектенүүдө.

«Ош-Тазалык» өзүн өзү каржылаган ишкана болгонуна карабай 2019-жылы мэриянын казынасынан 30 миллион сомдук техника алып, 6 миллион сом каражатты дотацияга алган. 2020-жылдын бюджетинен болсо 20 миллион сом дотация бөлүнүп, 14 миллион сомдон ашык каражатка 4 суу ташуучу автоунаа сатып алып жатат. (DU)

XS
SM
MD
LG